www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайыл РИИБинде Бурулай бычакталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөндө дүйнөлүк коомчулук дүңгүрөгөн. Мындай жапайычылыкка жол берген бир катар милиция кызматкерлеринин жетекчилери жазаланган эле. Алардын ичинде Чүй ОИИБинин жетекчисинин орун басары Марлис Асанов да шалаакылыгы үчүн айыпталган. Бирок убкыттын өтүшү менен көз жазгырып кеткенин карачы! Учурда ал Талас ОИИБсин жетектеп отурат. “Шибегени капка ката албайсың” дейт.

Убагында ИИМ жетекчисинин орун басары Данияр Абдыкаров камактагы Садыр Жапаровдун балдарын аёосуз сабатып, туугандары менен каматып салганда, Марлис Асанов ошол иштерге аралашып, Биринчи Май РИИБинин башчысынын орун басары катары “эрдик” көрсөткөнү жалганбы? (УКМК имараты ушул райондун карамагына кирет.)

Эми Таластагы креслосуна алымсынбай, Чүй ОИИБ начальнигине, же Бишкек ШИИБнин 1-орун басарлыгына которулууга жан сабап атканы кандай? Өздүк курам ичинде талкууга алынууда. Марлис Асанов көптөгөн “кыңыр иштерге шектүү” Данияр Абдыкаровдун көздөй кадры, өкүл баласы. Бул факт. Эми ушундайлар кайрадан баш көтөрүп, милицияны каалагандай калчай беришеби? Кайран гана тазалык, адилеттүүлүк тепсендиде калганда... 

Булак: Азия News гезити

Последние новости