www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазуучу Абдымамбет Сариев өзүн Кудай деп эсептеген Арстан Алай менен аян алып жаңы илим жазган башка адамдардан эмнеси менен айрмаланаарын санап өттү.
"Жараткан Кудайдын кереметтерин көргөн, Жараткандын касиеттерин колдонуп аян алып, жаңы илим жазган башка адамдардын жазгандарын жана жарыкка чыккан китептерин окуп, талдап, иргеп аларды жарыктык Арстан Алай өз идеясы кылып пайдалана алгандыгында.
Жарыктык Арстан Алай, жалгыздыктан, иши жүрбөй калгандыктан, оору-сыркоодон, үй-бүлөлүк уруш-талаштан, кырсыктан же жаңы идеяга сусагандыктан ж.б себептерден улам кыйналган жана өзүнүн айланасына жыйналган аялзаттарын “эркелетип”, көңүлдөрүн көтөрүп, аларды “периштелерге” айлантып, чоң “укук” бергендигинде жана алары-“периштелери” өзүлөрүнө каршы сүйлөгөн же жазган аял-эркектерди опузалап, “кырсыгасың, үйүңдө тынчтык болбойт, алдыбызга келесиң, оңкоңон кетесиң, “жаңы Кудайдын” айтканын аткарбасаң өлөсүң, жаман болуп каласың, эсиңе кел, азыр жиберип коёбуз!” ж.б. коркуткуч жана күчөткүч сөздөрдү элирмелүү жана активдүү пайдаланышкындыгында.
Жарыктык Арстан Алай, жалпы элдин көңүлүн өзүнө буруу үчүн башка адамдар анын айткандарын уга турган, кызыгып карай турган, ооздорун ачып таң кала турган, ачууланып сөгө турган, ишенбей шылдыңдай турган “жаңы Кудай” деген “даражаны” асмандатып жар салып, кара пиар жасоонун жаңы ыкмасын өздөштүргөндүгүндө!", - деп жазган жазуучу.
Булак: NazarNews.kg