www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровго жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Т. Мамытовго
Диний жана саясий коомдордун, фонддордун чет мамлекеттерден келип жаткан акча каражаттарды кандай максаттарга жумшап жаткандыгын текшерүү жөнүндө Кайрылуу:
25 жылдан бери дин тутуу, адам укугу, демократия, ж.б. укуктарга таянып, милдеттерин унуткан, кыргыз элинин ырыс-ынтымагын кетирип, ата менен баланы, эне менен кызды, бир туугандарды, жердештерди, курбу-курдаштарды уруштуруп-талаштырып руханий диверсия жасаган диний жана саясий коомдор, уюмдар, фонддор, окуу жайлар көбөйдү жана биздин мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч жарата баштады.
Мына ушундай диверсиялык терс жоруктарды-ичтен чыккан душмандык аракеттерди токтотуу үчүн жогоруда айтылган диний жана саясий коомдорго, уюмдарга, фонддорго ж.б. даректерге чет мамлекеттерден келип жаткан акча ж.б. каражаттарды иликтеп, тактап, ал каражаттарды кандай максаттарга жумшап жаткандыгын текшерип, чара көрүү жөнүндө Өлкө Президенти Жарлык, Жогорку Кеңеш Мыйзам чыгарбаса абал оорлоп, Кыргызстандын эли үчүн кооптуу заман башталды...
Ушул маселе боюнча Жарлык жана Мыйзам чыгарууңуздарды өтүнөбүз.
Абдымамбет Сариев, жазуучу
Булак: NazarNews.kg