www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу Абдымамбет Сариев курултайдын эл шайлаган делегаттарына, президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевге, Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго кайрылуу жасады.

"Кыргызстан карыздарын төлөй албай калса, сырттан башкаруу кирет!" деген шумдуктуу жана коркунучтуу кабар элге тарады.

Эгер ушул кабар чын болсо мындай кооптуу жана эгемендиктен ажыратып коё турган оор кырдаалдан чыгуу үчүн сырткы карыздары төлөө боюнча атайын банктарда эсеп ачып, төмөндөгүдөй айла кылса болобу?

1. Ичип-жеп, уурдап байып, чет мамлекеттерге акчаларын чыгарып кеткендерди, качып кеткендерди таап, кармап болгон каражаттарын атайын эсепке төктүрүү аркылуу;

2. Ири ишкерлерди жана бай адамдарды чогултуп, Кеңешме өткөрүп, алардын демөөрчүлүгү менен жыйналган каражаттарды атайын эсепке төктүрүү аркылуу;

3. Жалпы калайык-калкка кайрылып, жер-жерлерде уюштуруу иштерин жүргүзүп, алардын демөөрчүлүгү менен жыйналган каражаттарды атайын эсепке төктүрүү аркылуу", - деди жазуучу өз кайрылуусунда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости