www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазуучу Абдымамбет Сариев президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү төкмө ырчы, комузчу жана аткаруучу Малик Аликеев боюнча кайрылуу жасады.
"Урматтуу Президент, Урматтуу Төрага, Урматтуу Өкмөт Башчы, мамлекеттик идеологияны жүргүзүп, жалпы элди тарбиялап, ырыс-ынтымакка келтирип оң багытка бура турган негизи “армия” – бул адабият, маданият, искусство жана журналистика тармагы болуп эсептелет. Тилекке каршы, 30 жылдан бери айрым чет өлкөлөрдүн диверсиялык кийгилишүүсү менен бул негизги тармак жана чыгармачыл адамдар кароосуз калып, жыйынтыгында сырттан “азыктанып” өлкөнү ичтен бузуп-жара турган саясий бейөкмөт уюмдар, диний радикалдык күчтөр алардын ордун ээлеп, өлкөбүздө башаламандык, тартипсиздик пайда болуп, ырыс-ынтымак кетип, ызы-чуу күчөп, чегинен ашты.
Бала кезинен – 30 жылдан ашуун убакыттан бери эл үчүн эмгектенип, кыргызга таанымал болгон маданият, искусство тармагынын өкүлү, белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Малик Аликеевге Кыргызстанда жамбаш менен кашка жиликтин бириккен жерине (эки жагына тең) 2-3 жолу операция жасалып, бирок, толук калыбына келбегендигине байланыштуу чет өлкөдөн операция жасатуу айласыз зарылчылыгы келип чыгууда.
Кыргыздын патриоттору демилге кылып ага операция жасатууга жумшала турган каражат жыйноо үмүт, тилектери менен 4-декабрда Бишкек шаарындагы Улуттук филармонияда Малик Аликеевдин концертин өткөрүү аркылуу марафон түспөлүндөгү уюштуруу иштерин жүргүзүп жатышат.
Бирок, бул концерттен түшкөн каражат чет өлкөдө жасала турган операцияга толук жетишпей тургандыгы чыгармачыл патриотторду аргасыз жана айласыз абалга кептөөдө.
Сиздерден, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы, комузчу Малик Аликеевди материалдык жактан колдоого алып, чет өлкөдө жасала турган операцияга өзүңүздөрдүн фондуңуздардан каражат бөлүштүрүп берүүңүздөрдү жана моралдык жактан колдоого алып үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда боло турган концертине катышып берүүңүздөрдү адабият, маданият, искусство тармагындагы чыгармачыл инсандардын атынан өтүнөбүз", - деп жазган.
Булак: NazarNews.kg