www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мектептерге, «ыйман сабагын» шылтоолоп динди киргизүү бул – Конституцияга каршы жорук жана улутту маңкуртташтыруунун оңой ыкмасы...
Биринчи:
Мектептерге, «Ыйман сабагы» деген шылтоо менен динди киргизүү деген – бул ата менен баланы, эне менен кызды, бир тууган менен бир тууганды, дос менен досту, жердеш менен жердешти араздаштырып, касташтыруу, улуттук салтты талкалап акырындык менен араб менен пакистандыктын кийимин, маданиятын, жүрүм-турумун киргизүүү аркылуу кыргызды улуттук дүйнө таанымынан ажыратып, динге ууланган жаштардын колу жана оозу менен улутту элдик мүнөзүнөн ажыратып, чет өлкөлүктөргө көз каранды кылуу.
Экинчи:
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1., 9., 21-беренелерине каршы иш кылып, бюджеттен каржыланган мамлекеттик мекеме болгон мектептерге диний ырасымдарды киргизип, светтик мамлекетти теократиялык мамлекетке айландыруу!
Мунун өзү четтиктер «дирижёрлук» кылып, саясий бейөкмөтчүлөрдү жана диний бейөкмөтчүлөрдү ишке чегип, ар башка ыкмаларды колдонуп, бирок, бирдей эле максатты көздөгөндүгүндө...
Ушул жорук жакшыбы?..
Абдымамбет Сариев, жазуучу
Булак: NazarNews.kg