www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдымамбет Сариев президентке кайрылды

Жазуучу Абдымамбет Сариев өлкө президенти Садыр Жапаровго кайрылып, "Кыргызстанды даңазалап жаткан спортчуларга баатыр наамын ыйгарсаңыз акыйкаттык болоор эле!", - деген пикирин билдирди.

"Урматтуу Президент Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасын Баатыры Ардак наамын кыргыздын туусун бийик көтөрүп, зоболосун асмандаткан Айсулуу Тыныбековага, Акжол Махмудовго, Жоламан Шаршенбековго, Мээрим Жуманазаровага, Валентина Шевченкого ыйгарсаңыз, жалпы кыргыз кубанып, калыстык, акыйкаттык болоор эле!", - дейт Абдымамбет Сариев.

Эскерте кетсек, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүп жатат.

12-сентябрда балбан Акжол Махмудов финалда венгриялык Золтан Леваиге каршы килем үстүнө чыгып, атаандашын эки ирет көтөрүп чаап, мөөнөтүнөн мурда жеңип алып, дүйнө чемпиону болду.

Ал эми, 13-сентябрда дагы бир кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону аталды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости