www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдылдаев жаңы спикердин кылмыш иши боюнча сөз козгоду

Бүгүн, 14-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө.

Күн тартибинде өкмөттүн курамы, структурасы, программасы жана премьер-министрди бекитүү маселеси каралды.

Анын жүрүшүндө депутат Мыктыбек Абдылдаев буга чейин Канат Исаевге кылмыш иши козголгонун эске салды.

«Мен биринчиден түзүлүп калган парадокс тууралуу айтайын деп жатам. Эч кимиңер капа болбошуңар керек. Бүгүн төрага жана премьер-министр тергөөнүн астында жүрө турган адам. Коомчулукта сөз болушу мүмкүн, Канат Кедейканович мурунку биринчи эпизоду менен акталды беле же кылмыштын мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу чыгып кетти беле деп. Анткени кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткен, бул реабилитация эмес. Бул күнөө бар, бирок мейли кете бер деген... Ошондуктан төрага дагы ушундай абалга илинип калды.

Ошондой эле Садыр Нуркожоевич, сиздики дагы. Төрага боюнча дагы айтып коеюн, маселе бар тергөөнүн астында. Мен билгенден бул кишинин кайда экендиги белгисиз деп кылмыш иши токтоп калса керек эле. А бул жерде төрага болуп шайланып олтурат. Ошондуктан Башкы прокурор да бул маселени көтөрүш керек дагы, баарын караш керек. Төрага дагы кынтыксыз болуш керек. Туурабы Садыр Нуркожоевич?

Садыр Жапаров: - Туура Мыктыбек Юсупович. Эми мындай да, соттун чечими чыкты, демек мен соттолгон адам эмесмин. Ал эми тергөөгө кеткенин саясий буйрутма экенин бүтүндөй журт билет. Бир дагы факт болгон эмес. Эгерде мен кылмышкер болсом премьер-министр болоюн, элди башкарайын демек эмесмин. Кресло үчүн жабышкан адам эмесмин. Коррупцияны түп-тамырынан жоготолу деген ниет менен келе жатам. Саясий туткундагы адам болчумун.

Канат Исаев: - Барыңыздарга айтайын, кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу эмес, Жогорку соттон кылмыштын курамы жок деген чечим чыкканына байланыштуу чыккам. Мен сизге чечимдин көчүрмөсүн жөнөтүп жиберем. Мен Кыргызстанда жүрсөм кайда жүргөнү белгисиз деп ишти токтотмок беле? Ал да туура эмес. Монтаж кылынган видео Алматыга жөнөтүлгөн. Анын корутундусу келгенге чейин кылмыш иши токтотулуп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости