www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Адамды кемсинтүү, аброюна шек келтирүү - Текебаевге, анын командасына көнүмүш адат болгон ыкма», - дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдырахматова. Ал мындай пикирин 26-ноябрда өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

«Текебаев менен Ата Мекендин убада кылган “бомбасы”

Рахмат!

Кодулоо менен каралоо, жалган маалымат таркатуу, адамды кемсинтүү, аброюна шек келтирүү - тилекке каршы Текебаевге, анын командасына көнүмүш адат болгон ыкма, жеке кызыкчылык үчүн мыйзамды да, Конституцияны да бузгандарынын дагы бир далили

30-жылдан бери мамлекетти бирде бийликчил, бирде “оппозициячыл” болгонсуп башкаргандар, мамлекетти, элди бөлүп жарып, элдик ресурстарды жеке кызыкчылыкка пайдаланып, өзүнүн ыплас иштерин жаап жашырыш үчүн ушундай “бомбалары” менен элди алыксытып, мамлекетти, элди жакырчылыкка алып келишкен.

Азыр да элдин сынчыл ой жүгүртүүсүнө, өнүгүшүнө бут тоскон аракетин уланткандарынын далили», - деп жазды Абдырахматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости