www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчыбек Жолдошбаев менен болгон окуя бардык талапкерлерге, партияларга сабак болушу керек, деп билдирди БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов «Биринчи радионун» түз эфиринде.
«Бул таза шайлоо өткөрүү чараларынын бири», - деди ал.
19-ноябрда БШК №26 Ленин округу боюнча шайлоого ат салышып жаткан талапкер Камчыбек Жолдошбаевди каттоону жокко чыгарды. Тергөөнүн версиясы боюнча, талапкердин кудасы үй комитет башчылары жана агитаторлору аркылуу добуштарды сатып алуу менен алектенген. 16-ноябрда ал пара берип жатканда кармалды.
Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Ал аралаш система боюнча өтөт: 54 депутат партиялык тизме боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча шайланат. Аларга 21 партия жана бир мандаттуу округдар боюнча 297 талапкер катышат.
Булак: NazarNews.kg