www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мансапкор, чоң муштум Жаныбек Абиров кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп: "Мага Ленин районунун жашоочулары кайрылып Жогорку Кеңешке талапкерлигиңди кой деп жатышат", - деген жомокту айтып, БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаровду шынаарлап, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Үсөновду "жуучу жеңе" кылып Борбордук шайлоо комиссиясын ылайлай баштады. 

Дегенибиз, буга дейре БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов: "Конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн. Атайы норма бар. Кайра шайлоонун дайындалышына ким себепчи болсо ошол адам катышпайт деген. Мурдагы депутат кайра шайлоонун дайындалышына себепкер болгон, катышканга укугу жок. Экинчи жагынан алып караганда моралдык жагы дагы бар. Мындай жоопкерчиликти оюнчук катары көрбөш керек", - деп жаткан, анан кайсы кара теке сүзгөнүн ким билсин "арыз берсе көпчүлүк добуш менен чечилет" деп, эки сүйлөп төөчөсүнөн тескери ушатып калыптыр. 

Менин зөөкүрлүгүмдүн кесепетинен мамлекет ири чыгым болуп, Ленин районунан үчүнчү ирээт шайлоо өткөнү турат дегенди Жаныбек Абиров ойлонбогону, абийирден такыр куржалак, мансап үчүн баарына даярдыгы, көп нерсени айтып турат. Мындай адамдын депутат болушу, же мамлекеттик кызматты аркалашы өтө кооптуу. Негизи, шайлоого сарпталган миллиондогон чыгымды Абировго төлөтүш керек болчу. Ошондо жээликкенин көрөт элек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости