www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-июлда президент Садыр Жапаров Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарында ичүүчү таза суу үчүн төрт жаңы резервуардын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысына курулуштун жүрүшү, ошондой эле ар бир резервуардын көлөмү 6 миң куб метрди түзөрү жөнүндө маалымат берилди. Алар шаардыктар үчүн ичүүчү таза сууну чогултууга коюлган. 

Ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселеси Ош шаарынын тургундары үчүн көп жылдардан бери эң актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Сел жана жаан-чачын учурунда шаардыктарга суу берүү токтотулат, анткени ачык көлмө — Ак-Буура дарыясынын пайдаланылып жаткан суусу булганат.

Президент Садыр Жапаров ишти тездетип, бир ай ичинде Ош шаарынын тургундарын таза суу менен толук камсыз кылуу маселесин чечүүнү тапшырды. 

Ош шаарынын мэри Бактыбек Жетигеновдун айтымында, муниципалитеттин Мамлекет башчысынын тапшырмасын үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин аткарууга жетиштүү ресурстары бар.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости