www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку окуу жайларына жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру 2026-жылдын 15-июлу саат 21:00гө чейин узартылганын билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, мындай чечим Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун жабдууларын тышкы электр энергиясы менен камсыздоодо жаралган техникалык мүчүлүштүккө байланыштуу кабыл алынды.
Аталган мүчүлүштүктөн улам маалыматтык системалардын жана сервистердин, анын ичинде «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасынын ишинде убактылуу үзгүлтүк жаралган.
Министрлик абитуриенттерге документтерди тапшыруу жана каттоо иштерин бүтүрүүгө кошумча убакыт берилгенин белгиледи.