www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Абай районунун Теристанбалы айылында улгайган жубайлар үч жашар небереси менен тоңуп каза болушту. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Маалым болгондой, жаш үй-бүлө баланы ата-энесине таштап кетишкен. Чоң ата менен чоң эне небересин алып конокко барышып, кайра үйүнө кайтып келе жатышканда суукка тоңуп каза болушкан.

"Тилекке каршы, алгач аял, андан кийин күйөөсү тоңуп каза болгон. Жергиликтүү тургундардын айтымында, 3 жашар наристе алардын жанында кыйкырып ыйлап тура берген, бирок аны да сактап калууга мүмкүн болгон эмес", - деп жазылат маалыматта.

Бул факты Жарма районунун ички иштер бөлүмүнөн тастыкталды. Үй-бүлөнү акыркы сапарга узатуу зыйнаты кечээ болду.

Алар сууктун түшүшү менен үшүк алуу учурлары көбөйгөнүн кошумчалашты. Айта кетсек, Абай районундагы тез жардам станциясынын маалыматы боюнча облуста тогуз адам үшүк алган, анын ичинен алтоо Семейде. Ошондой эле кийимдер аба ырайына туура келбегендиктен бир жаштагы наристе менен беш жаштагы наристени үшүк алган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости