www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ачууланганда эмне кылышты билбей каласызбы?

Бирөө сизди капалантып, ачууңузга тийди дейли. Алдыңызда эки тандоо бар. Токтоолук менен жооп кылып, маселени чечүүгө аракет кыласыз же болбосо ачуулук менен жооп кайтарып, абалдын андан ары өөрчүшүнө себеп болосуз. Бул жердеги туура кадам реакция кылбастан алгач окуяны узактан карап көрүү. Б.а. таасир менен реакциянын ортосун биразга бөлүү аракети. Бул аракет бир нерсе айтуудан мурда ойлонууга мүмкүнчүлүк түзүп, окуянын чоңоюп көзөмөлдөн чыгып кетпешине өбөлгө болот.
Реакция кылуудан мурда буларды эстеңиз:

Адамдар сөздөн мурда денеңиз, мимикалар жана үндүн тонуна көңүл бурушат. Ачуу менен сүйлөө адамдын коргонуу позициясына айланып, каршыңыздагы адам айтылгандарга көңүл буруунун ордуна өзүн сизден алыстата баштайт.

Сизди капаланткан адамга жооп кылып, аны да капалантуу ошол учурда жакшы сезилиши ыктымал. Эгоңуз сизге каршыдагы адам сизди түшүнүүсү үчүн ал дагы капаланышы керек экендигин айтышы мүмкүн. Бирок ага алдырбаңыз.

Абдан кызуу кандуу болсоңуз, токтоолук менен жакшы натыйжа берүүчү практикалык кадамдарды колдонууну сунуштайбыз.

1. Окуяны болгонун болгондой жазыңыз. Реалдуулук маанилүү.

2. Окуяга болгон көз карашыңызды жазыңыз. Эки адам бир окуяны толугу менен эки башка баяндашы мүмкүн. Кабыл алуу жана чындык дайым дал келе бербейт. Андыктан чындыктарга ашыгы менен маани жүктөп койгон жоксузбу, ошого көңүл буруңуз. Аша чаап кеткен жерлерди, гипотезаларды дагы бир сыйра ойлонуп чыгыңыз.

3.  Көздү жуумп, окуяга байланыштуу өзүңүздү кандай сезип жатасыз, ошону ойлоңуз. “Мени капаланткан негизги нерсе кайсы?” деп сураңыз өзүңүздөн. Туура эмес кабыл алынуубу, сыйга татыбагандыкпы, жалгыздык, өзүн керексиз сезүүбү же капалангандан коркуубу?

4. Өзүңүздү каршыдагы адамдын ордуна коюңуз. Ошол мүнөттө эмнени ойлоду? Сизди эмнеге капалантты? Өзү бактысыз адамдар гана башкаларды капалантышат. Бул алар жасагандарды туура деп кабыл алуу эмес, аларды түшүнүү үчүн маанилүү. Каршыңыздагы адамды күнөөлөгөндөн мурда аны түшүнүүгө аракет кылуу ортоңуздарга бекем көпүрө кура алат.

5. Каршыдагы адамга түшүндүргүңүз келген негизги проблемаларды ойлонуңуз. Айткыңыз келген көп нерсе болушу мүмкүн, эң керектүүлөрүнө көңүл буруңуз. Сүйлөшүү узаганда эмне айтаарыңды унутуп калуу катардагы көрүнүш. 

Анан дагы сүйлөшүү убагында дем алганда унутпаңыз. Ачууланып баштаганда дем алууңузду контролдоп, ортодо бир канча секунд пауза кылуу дагы негативдүү реакция кылууга тоскоол боло алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости