www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адабий сындын сырттаны

Азыркы маалымат сели каптап, кары-жашы дебей интернет желесине көгөндөлгөн заманда көркөм адабият коомдук турмуштан четке сүрүлүп, адабий сын да көңүл сыртында калды.

Бирок, ошол “сындын өчкөн отун тамызам, адабиятты жандандырам” деп жанын үрөп, жалтанбай, чыркыраган чындыкты туу тутуп, адабиятчы Аскар Медетов курч сын макалаларын жазып келатат.

Белгилүү сынчы Аскар Медетов акыркы он жылда белсемдүү иштеп, “Манасты” бурмалаган жайсаңчылардын жинин кагып, катыгын берген макалаларды жарыялады. Азыркы адабияттын алпы Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар”, “Эки дөөнүн күрөшү” китептериндеги кемчиликтерди айтып чыгып, көпчүлүктүн көзүн ачты.

Ал эми акын-жазуучулар атын укканда апкаарып, адабиятчылар аны көргөндө бүжүрөп турчу катаал сынчы Кадыркул Даутов менен кайым айтышуусу окурмандардын бүйүрүн кызытты. Биз бул полемикага кеңири орун бердик.

“Дагынкысы дагы бар” дегендей, Чыңгыз Айтматовду бурмалап, халтурщик жазуучу Шабданбай Абдырамановду “классик” деп мактаган Абдыкерим Муратов менен Бекташ Шамшиевди “фальсификаторлор” деген атка кондурду.

Аскар Медетов жалаң эле сындай бербей, Бейшебай Усубалиев, Бекен Назаралиев, Султан Раев сыяктуу жазуучуларды, Омор Сооронов, Гүлбара Орозова, Динара Асакеева сындуу адабиятчылырды терең ачып берип, окурман журтун сүйүнтүп, көңүл сергиткен желаргы жүргөндөй эле болду.

Таланттуу адабиятчынын ушул макалаларынын баардыгы биздин гезитке жарыяланган, башкача айтканда, “кара кылды как жарган” сынчынын чыгармачылыгы гезит менен тыгыз байланыштуу болду.

Көз ачып жумгуча эле убакыт өтүп, “сыр найзасын” колунан түшүрбөгөн сырттан сынчы алтымышка келип калыптыр. Урматтуу Аскар ага! “Жаш өйдөлөп баратат” деп кейибей, алтымыш асыйында марага биринчи келип, башбайге алган Тайторудай болуп, чаалыкпай изденип, жаңы сын макалаларды, илимий эмгектерди жарата беришиңизге тилектешпиз! Ден-соолукта үй-бүлөңүз менен аман-эсен, бар болуңуз!

Булак: Азия News гезити

Последние новости