www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда акыркы учурда нааразылык митингдерине күч органдары антимитинг уюштурган учурлар күч алды. Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров «Жарандардын тынч чогулуштарга болгон конституциялык укугун камсыз кылуу» деген темада өткөн талкууда билдирди.

Депутат күч органдарын чагым кылбоого чакырды. Жыйынга катышкан күч органдарынын кызматкерлери тынч митингдерде милиция кызматкерлери мыйзамдуу аракетке барганын айтышкан. Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте апрелдин башында тынч жыйын, митинг же башка акция өткөрүүгө 1-июлга чейин тыюу салынган.

Жарандык коомчулук митингдерге тыюу салууну сындап, ошол эле маалда Орусияны колдоп митингге чыккандардын бирөө дагы жоопкерчиликке тартылбаганын эске салып келет.

Эске салсак, Украинага каршы согушту Орусия 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости