www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн баш прокурор өз укугун өзү коргой албай калды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров билдирди. Депутат акыйкатчынын маалыматына таянып, жыл сайын адам укугунун бузулган учурлары көбөйгөндөн көбөйүп баратканын да белгиледи.
"Биз азыр Баш прокуратурага кайрылып жатабыз, алар өзүнүн укугун коргой албай жатат. Баш прокурор өз укугуна өзү ээ боло албай калды. Аны көрүп жатпайбызбы. "Мыйзамдуулук менен тартип жок" деген сөзүм ушундан. Баш прокурорго карата кандай аракеттер жасалууда, бирок Баш прокуратура унчукпай отурат", — деди Мадумаров.
Ошондой эле, эл өкүлү - Конституция боюнча президент баш прокурорду кызматтан четтете албайт деп айтылып жаткан кепке жооп беришин сурады. Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев чыккан чечимге комментарий берүүгө укугу жоктугун айтып, жооп берүүдөн баш тартты.
Булак: NazarNews.kg