www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-июнда Жогоку кеңештин жалпы жыйынында депутат Адахан Мадумаров дыйкандардын маселесин көтөрдү.

Анын айтымында Лейлек районундагы Кулунду айылындагы өткөрмөдө жер семирткич бүтүндөй буулуп калган.

«Биз быйыл канчалык дыйкандарды эзип жатканыбызды билбей жатабыз. Кулунду айылындагы көзөмөл өткөрүү бекети боюнча кайра-кайра кайрылуу келип жатат. Бул посттор тойбой койду. Губернатор «бүгүн чекит коем» деп жазып жатат. 24-майдан бери ушул абал болуп жататканы айтылды.

Дыйкандарды какшатып бүттүңөр го, садагалар! Эми бул жерден айта бериштин кереги жок болуп калды. Мен сиздерден талап кылам. Бүгүндөн калбай Айыл чарба министрин, УКМК, Бажы кызматын чакырып ушул жерден чекит коюш керек», - деди ал.

Ошондой эле, Өзгөн районундагы Кемпир-Абад маселесин көтөрөөрүн эскертип жатып, бийликке бир катар сын айтты.

«Мен эскертип коем. Азыр быкшып ичинен бышып келе жатат. Төмөн жактан бышып келе жатат. Бир күнү жарылат. Аз калды. Мен бүт президенттерге ушинтип эскерткенмин. Элдин канын какшатып бүттүңөр. Ким канча кап алаарын айыл өкмөттүн башчысы жалдырап кайрылып жатса дагы «өткөрбөйбүз дегенде өткөрбөйбүз», - деп турганына кейиди.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн аталган бекеттер 2021-жылдын 1-октябрында экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Министрлер кабинетинин төрагасынын токтому менен коюлганын билдиришкен. Жыл башынан бери 25 аткезчилик фактысы катталып, натыйжада 32 миллион сом казынага түшкөнү маалымдалган.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын өткөн жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Мындан кийин аткезчилик токтобой жатканы айтылып, жергиликтүүлөр ага каршы күрөшүү талабын көтөрүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости