www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда коомчулукта кызуу талкууланып жаткан Адахан Мадумаровго коюлуп жаткан айыптар, мындан бир нече ай мурун Кемпир-Абад маселеси менен камалгандардыкына үндөш, окшош экени маалым болду.
Кезинде, Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кылмыш иши козголуп, камакка алынышкан отузга жакын адамдарга дагы "бийликти күч менен басып алуу, кылмышка даярдык көрүү, башаламандык уюштуруу" деген айыптар тагылган болчу. Азыркы кезде алардын теңинен көбү үй камагына чыгарылды, калгандары абакта отурат.
Ошондо, Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакка алынган Жеңиш Молдакматов, Эрлан Бекчороевдер "жыйынга катышкан Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиевге эмнеге кылмыш иши козголгон эмес, алардын фамилияларын токтомго киргизип, эмне үчүн кайра алып салдыңар", - деген маселени көтөрүшкөн.
Бирок, ошол кезде бийлик, Башкы прокуратура билмексен болуп, айтылып жаткан жүйөлүү пикирди кулак сыртынан кетиришкен. Сыягы, ыңгайлуу учурду күтүп жүрүшкөн окшобойбу?
Азыр дагы бүдөмүк жагдай жаралып отурат. Себеп дегенде, эмне үчүн эки депутаттын бирөөнө, атап айтканда Адахан Мадумаровго гана кылмыш иши козголуп жатат дагы, Исхак Масалиев тууралуу сөз жок. Кош стандарт мамиле жасалып жатабы, же кийинки кезек Масалиевби? Андай болсо экөөнүн ишин эки бөлбөй, дароо бир эле учурда Жогорку Кеңештин макулдугун алганга киргизсе болот беле? Бул жерде кандай ньюнс, мандем болушу мүмкүн?..
Бирок, кандай күндө болгондо дагы бүткөн ишти ырбатып, Кемпир-Абад маселесине чекит коюлуп мамлекеттер арасында ратификация болуп жатса, эми аны кайра козгоп жаткан бийликтин кадамын түшүнүп болбойт.
Сыягы, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин "чукул арада үлкөн саясатчылар камалат" деген ишаранын биринчи жел аргысы жүрүп жатат көрүнөт.
Булак: NazarNews.kg