www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров журналисттер үчүн маалымат жыйын курду. Анда ал кыргыз-тажик чек арасын чечүүнүн жолдорун айтып жатып, учурдагы бийлик элге пайдалуу иш жасаарына көзү жетпей калганын билдирди.   
-Биз канчалык бул бийликке чыдаган болсок, Кыргызстандын кызыкчылыгы ошончолук чектелип жатат. Кезинде билесиңерби? Борис Силаев деген болгон. Ошол киши Кировдогу бир гана суу сактагычты жаап койду эле, бүт келишимдерге келишти го. Ошон үчүн бизге жанагындай үзүлүп кетчүдөй болгон азаматтар эмес, болсо болчудай гана азаматтар керек, -дейт ал.
Мадумаров белгилеген “Киров” суу сактагычы — Талас областындагы Киров районунун аймагында жайгашкан. 1965-жылы курулуп баштап, 1975-жылы ишке киргизилген. Ал негизинен сугатчылыкта пайдаланылат. Анын суусу Талас областынын 142 миң гектар жерин жана Казакстандын айрым райондорунун 60 миң гектар жерин сугарууга жумшалат.
Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости