www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономиканы ойлогон депутаттар да бар экен, тобо. «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков Жогорку Кеңештин жыйынында биздин сатуу точкаларында негизинен казактын уну сатылып жатканын баса белгиледи.

Кыргызстан Казакстандан унду сатып алып алардын экономикасы үчүн иштеп жатабызбы? Бул байкаганы туура, себеби өзүбүздүн ундарды эл да көп албайт. Ал эми буудай канча тозок менен бышат. Буудай өндүрүү үчүн Кыргызстанда жер сугат, кара сугат, биринчи сугат, экинчи сугат деп отуруп өзүнүн азыркы наркынан ашып кетет.

Ал эми казактар буудайын сээп коюшуп, асманды карап жатат беришет. Сугат деген болбойт, кээ бир учурда жаан себелеп койсо, буудай мыкты чыкты деген кеп. Кызыгы, сапаты жагынан да Казакстандын буудайы  биздин суу менен 3-4 сугарылган буудайлардан өйдө турат. Анан соода точкаларында казактын ундары көбүрөөк сатып алынат.

Ошондуктан, кыргыздын маңдай терин төгүп көп эмгек менен пайда болгон унуна басым жасап, мекенчилдик сезимдерибизди ойготуп кыргыз ундарын сатып алышыбыз керек. Албетте, кыргыз өкмөтү да кыргыз ундарына басым жасап колдошу керек. Бул боюнча Алмазбек Баатырбеков туура ой-пикирлерин айткан.

Кан ыйлап жаткан Алмазбек Баатырбеков учурда канча тегирменибиз токтоп, канча жумушсуздар көбөйүп, биз Казакстандын экономикасын көтөрүп жатканын безеленип айтып жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости