www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адахан Мадумаров кайрадан суракка чакыртылды

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Учурда эл өкүлү Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүндө экени такталды. Ал кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча суракка чакырылган.

Эске салсак, Мадумаров 14-январда да Башкы прокуратурага суракка чакырылган.

Былтыр октябрда Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол "кедергисин тийгизип жатканын" да билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости