www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам баласы күткөн бакыт кайда?

Адам баласы ыйлап туулуп, дүйнөдөн өткөндө да ыйлап узатылат. Карап отурсаңыз, өмүрдүн башы да ыйлоо, соңу да ыйлоо экен. Ошондо бакыт кайда?

Бакыт - ушул экөөнүн ортосундагы мур. Ата-энеңизге эркелеп өскөнүңүз, ишемби-жекшемби күндөрү жакындарыңыз менен чогулуп чер жазыша сырдашканыңыз, апаңыздын бир ооз жылуу сөзү, аялыңыздын же күйөөңүздүн сизди издегени, балаңыздын кээ кылыгына кейип, аны урушканыңыз, досуңузду таарынтып алып, кайра кечирим сурап каткырганыңыз, бир тууганыңызды аскерден тосуп алганыңыз...

Жакшы көргөн адамыңыздан алыстап кеткенде анын кадырын түшүнгөнүңүз, «кыш келе жатат, көмүр алыңыздар» деп үйгө акча салганыңыз, «таң намазы каза болуп калбасын» деп кечинде эрте жатууга аракет кылганыңыз, «үй-бүлөм, бала-чакам» деп ар кечте үйгө карай шашканыңыз, балаңызга сабак окутканыңыз...

Ушунун баары «бакыт» деген аялуу сөздүн ичине кирет экен! Сократ «бакыт деген эч кимдин колу жетпеген алыстагы зат эмес, бакыт - ар кимдин башындагы бар нерсе» деген тура.

Ооба, көп адамдар бакытты сырттан издеп жатабыз, бирок чын бакыт өз башыбызда турганын эстен чыгарып салабыз.

Бир акындын ырындай, «Бакыт деген бирде шаттык, бирде муң». Бактылуу болуңуздар!

Булак: Азия News гезити

Последние новости