www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Кайып Шер ага, кыргыз элинин ыйык жерине айланган Ата-Бейитте биздин мамлекетибиздин алгачкы пайдубалын түптөгөн Т. Айтматов, К.Тыныстанов, Ж.Абдрахмановдор башында турган улуу инсандарыбыздын сөөктөрү коюлган. Сиз өткөн айда Апрель революциясынын баатырлары боюнча интервью берип, Ата-Бейитке чачманын огу тийип, арматура менен чабылып, спирт ичип өлгөндөр жана селсаяктар (БОМЖдор) дагы көмүлүп калганын айткансыз. Ата-Бейитти тазалаш керек деген да маселени көтөрүп, жаңы маселенин башын чыгарган элеңиз. Бизге кайрылгандар абдан көп болду, сизге дагы пикирин айткандар болгондур. Кандай сөздөр болду?

— Ооба, ошол маектен кийин социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу болду. Көпчүлүк эл менин айткандарымды туура көрдү. Белгилүү аксакалдар Ата-Бейит тазаланышы керек дегенди колдоп, “1937-жылы атылгандардын арасында дагы соодагерлер жана мамлекеттин түптөлүшүнө салым кошпогон адамдар болгон” дешти. Негизи, Ата-Бейитте эли-журттун келечегине кам көргөн, анын азабынан атылып кеткен биздин ата-бабаларыбыздын сөөгү жатат деп билебиз да. Демек, ал жерди ыйык тутушубуз керек, муну коомчулук дагы айтып жатат.

Анан ошол жерге туура эмес адамдардын сөөгү коюлуп калганы менин интервьюмдан кийин кызуу талкууга жем таштады. Мен Апрель окуясындагы маселени көтөрүп, коомчулукта айтылып келген, арматура менен чабылып, чачманын огу тийгендер да аралашып калганын айттым. Маселен, Токмоктогу бир уйгур адамдын менчигин басып алууда каза болгондор, аймактардан келип шаардагы менчик мүлктөрдү, базарларды басып алып, талаган кезде бардеңкенин огунан каза болгондордун дагы сөөгү коюлганы коомчулукта сөз болуп келе жатат.

Ата-Бейит - баарыбыз туу туткан ыйык жерибиз. Арбакты сыйлайлы деп баарыбыз ошол жерге барып жөрөлгөбүздү жасап келе жатабыз. Демек, анда кыргызга кызмат кылган, мамлекет үчүн жан берген адамдардын сөөгү жатыш керек. Анан дүкөн тоноп өлгөндөргө урмат-сый көрсөткөнүбүз туура болобу? Эли-журт азыр: “Жок дегенде бөлүп койсо болобу” — ​деп жатат. Туу тутуп, бата кылган жерден шектенбегендей болушубуз керек да.

Ошондон улам мен Ата-Бейитти тазалайлы, балким ошол каза болгондордун туугандары карама-каршылыкты күчөтпөй, сөөгүн алып барып өздөрүнүн айылына коюп алса деген ой таштагам, арбактын дагы жаткан жери тынч болсо экен деп. Анткени, бул факт да. Ошол маалдагы башпрокурор Кубатбек Байболов: «Октон 16 эле киши өлгөн, калганы кайдан келди?» — ​деп айткан сөзүн депутаттар жана жалпы кыргыз эли уккан. Кантип эле ошондой болсун деп биз учурунда чычалаганбыз.

А чынында ошондой болгон экен. Экспертизалык маалыматтардан кийин ал далилденди. Бул боюнча китептер жазылып, арматурадан, чачманын огунан өлгөндөр элге жарыяланды. Булар көп нерсеге шек жаратып жатат. Баса, ошол кезде Атамбаев башында турган “төңкөрүшчүлөр” Курманбек Бакиевди элге жек көрсөтүш үчүн Сокулук менен Токмокто ошол күнү өлгөн адамдардын өлүгүн моргко алып келген деген маалыматтар эл арасында кеңири айтылып келет.

Эми кандай кылышыбыз керек? Эли-журт өзү ынтымакка келип, ачык эле бул жерде мындай кемчилик кетиптир деп моюнга алып, анан өтө дуулдатпай президенттин алдындагы комиссияга каратып, ата-энелерин чакырып, бул жагы төп келбей жатат деп айтып, “миллион акча, өкмөттөн үй алыптыр, эми аларды кайтарбай эле койгула, жок дегенде мынабул жердеги сөөктү өзүңөрдүн айылыңарга алып барып койгула” деши керек.

— Биздин сурообузга жооп берсеңиз байке, ушул ойлорду айткандан кийин сизге кайрылгандар не дешти?

— Көпчүлүгү баштарын шылкыйтышты. Ооба, айрымдары куру кыйкырыгын салып, “Окко учкан баатырлардын арбагына койдук, сени арбак урсун!” дегенге чейин барды. Бул турган иш эле да. Мен дагы коомчулукка ачык чыгып, өздөрү менен дагы жолугуп, эми Кудай тараза, баарын көрүп турат. Мен ал окуяда жөн эле четинде жүргөн киши эмесмин, баштан аягына чейин катышып, дарбазанын түбүндө туу көтөрүп турдум. Мен ошол от күйгөн, ок атылган жерде өмүрүмдү тобокелге салып жүрдүм, менин чындыгымды эч ким жок кыла албайт.

Мынча болду, келгиле эми, сүйлөшөлү, мен дагы айтчу сөзүмдү айтайын дедим. Ошол жерде бирөөңдүн жолдошуң баатыр болсо, азасын сакташыңар керек болчу. Илгери согушта курман болгон жоокерлердин аялы күйөөсүнүн азасын өмүр бою күтүп келген. Балдарын тарбиялап, маал-маалы менен кошок кошуп, өзүнүн жесирлик кызматын так аткарган. Азыркыны карасак, 7-апрелде жесир болуп калгандардын баары дей албайм, бирок көпчүлүгү күйөөгө тийип кетти. Мындан улам буларды статустан ажыратыш керек десем, ооздорун ачып отуруп калды. Кечээ жакындагы эле Ата-Мекендик согуштан кийин дагы ошондой болгон.

Жесирликтен кармана албай күйөөгө тийип кеткендер статустан ажыраган. Мамлекеттерден эч кандай жардам болбойт. Күйөөгө тийдиңби болду, өз оокатың өзүң кыл, арбакты ортого кыпчып шек келтирбе, аны мындан кийин мамлекет өзү кастарлап алат деген тартип бар. Ошону айткандан кийин бир тобунун оозу жабылды. Булар азыр деле мамлекеттен жардам алып жүрөт. Муну дагы эстерине салдым.

Анан биз үчүн ыйык болгон мазарыбыз Ата-Бейитти тазалайлы, Кыргызстандын келечегин ойлогон, эмгек кылган гана адамдардын сөөгү болсун, бирөөнүн дүкөнүн басып алам деп, же бирөөнүн кафе, соода түйүнү, базарына барып, алардын менчигине кол салгандарды Ата-Бейитке көмгөнүбүз туура болобу дедим. Бул нерсени ата-бабанын арбагы кечирбейт да. Ошон үчүн биз өнүгө албай жатабыз. Туура эмес коюлгандардын арбактары ал жерде тынч жатпайт. Бул кыргызчылыкка да туура келбейт. Арбак ыраазы болсо, тирүүнүн, коомдун өнүп-өскөнүнө шарт түзүп берет да.

Немистер Экинчи дүйнолүк согуштан кийин 10 жылда эле өнүгүп кеткен. Бизде болсо Убактылуу өкмөт кемпир-чалдан бери баатыр деген төш белгилерди берип, өздөрү уурулукту улантты. Өлгөн адамдардын санын көбөйтүү Атамбаев үчүн керек болчу.

— Төш белги демекчи, Акү йдү барып басып алгандардын арасынан Кыргыз Эл Баатырлыгын алгандар да болду го? Алардын тагдыры кандай болот?

— Бул жеткен уятсыздык да. Биз эмне, мамлекетке кол салган жоону чаап келдик беле? Роза Отунбаева баатырлыкты өзүнүн таластык жердешине берип койду. Ала-Тоо аянтында жалгыз эле Алиясбек Алымкуловго тийиптирби? Элдин баарына эле ок тийген. Далайы шейит кетти. Бирок тирүү калган Алиясбек орден тагынганы аз келгенсип, баатырлардын катарына өзүнүн эстелигин орнотуп алды.

Ал орден мекен коргогон азаматтарга берилиш керек болчу. Маселен, Баткен согушунда канча жигитибиз мамлекеттин бүтүндүгү үчүн жан берди. Ошолорго берсе жарашмак. Анан алар сыртта калып, мамлекеттик төңкөрүшкө катышкан Алиясбекке баатырлык берилген акылга сыябы? Эл дагы айтып жатат, баатырлык Баткендеги кагылышууда ок жеткирип берейин деп каза болгон жигитке берилиши керек деп.

7-апрелдеги чыр-чатактын катышуучулары баатырлыкка татыксыз. Ошон үчүн мен 7-апрелдеги медалды 2012-жылы Атамбаевге тапшырып салгам. Мен туура эмес иш кылыптырмын, силердин жүгүңөрдү көтөрүп жүрө албайм деп, 7-этажга кирип барып медалды ыргытып жибергем. Эми Алиясбектин уяты, намысы болсо, Ак-шумкар төш белгисин, Кыргыз Республикасынын баатырлыгын алып барып, жанагы Баткендеги окуяда каза болгон баланын үй-бүлөсүнө берип койсун. Ошол татыктуу баатырлыкка. Эгер Алиясбектин ага эрки жетпесе, бүгүнкү бийликтегилер аны баатырлыктан ажыратып, медалды баатыр жоокерге берсин!

Андан-мындан жалтанып, бүгүнкү бийлик дагы аны жасай албаса, анда эл өзү толкуп чыккан күнү Алиясбектен жулуп алып, мекенди коргогон жоокерге ыйгарат. Көрөсүңөр, кийинки элдик толкундоолордун бир урааны ушул болот. Эмне үчүн Кыргызстанды коргоп Баткенде шейит кеткен биздин жоокерлер топуракка көмүлүп, Ак үйдү басып алган Алиясбек баатыр болушу керек? Андай болсо, эмне үчүн шейит кеткен баатырлардын баарына баатырлык берилбейт?

Бул Роза Отунбаева менен Убактылуу өкмөттүн эле кытмыр иши болгон да. Алардын ой-максаттары, жасаган иштери туура эмес болгону бүгүн тастыкталууда. Кудай да таразалап, айрымдарынын аягы сай таппай калды. Кээ бири уялбай Манас орденин тагынып алышты. Элди кырып өлтүргөнү үчүнбү? Биз 7-апрелде камалгандарды чыгарып эле кой деп келгенбиз. Биз ал жакка кубалайлы, өлтүрөлү деп кирген эмеспиз ал жакка.

— Ошол Апрелдеги кандуу кагылышта бей-бечаранын балдары окко учту, эмне үчүн Атамбаев, Отунбаевалар балдарын чыгарган эмес?

— Кептин баары ушул жерде жатпайбы. Эгерде Сариев, Атамбаев, Текебаев, Отунбаева ж.б. тынчтык митинги болсо, анда алар да балдарын Ала-Тоо аянтына алып бармак. Бирок, Ала-Тоо аянтында ок атылуу болуп, өлүм болоорун алдын ала билишкен. Булар бей-бечаранын балдарын азгырышкан да. Азыр эми карагылачы, алардын балдары депутат болобуз деп чуркап жүрөт. Эл алдына чыгып алып каадаланып, капталын салып сүйлөп турганын көргөндө күйбөгөн жериң күл болот экен да. Элдин акчасы менен чоңойгондор 7-апрелде жылуу үйдө жатып, эми баш көтөрүштү. Буларга добуш берүү — ​Апрелде шейит кеткен балдардын бетине түкүргөн менен барабар. Кыйын болсо алар ок атылган аянтка чыкпайт беле?

— Өткөн маекте “Акаев келди, эми Бакиев да келсин” дедиңиз эле. Бул боюнча дагы пикир айткандар болгондур…

— Жолуккандардын дээрлик баары “Туура көтөрдүңүз, бүгүн биз жашоону ак барактан башташыбыз керек” деп жатышат. Кек сактоо кыргыз салтына туура келбейт. Кыргыздар бири-бирин кечирип, илгертеден кечиримдүү эл болгон. Буга чейин Бакиевге күнөөнүн баарын үйүштү, бирок анын сөзүн уга элекпиз. Бакиевдин жообун укканга эл куштар болуп турат.

Биз дайым АКШга карап жашайбыз. Американын конгрессине кол салгандарды полиция кызматкерлери тапанча менен атып салышты. Туура кылышты, анткени ал жерде мыйзам деген бар да. Биздин Ак үй да кайтарууда турган №1 обьект болчу. Атамбаев Кой-Таштагы үйүн миңдеген адамдарды жалдап, күнүнө миң сомдон берип кайтартты. Керек болсо ошол каракчы Атамбаев Ак үйдү өрттөтпөй, өзү башында туруп, караш керек эле.

Мындан улам көпчүлүк эл: “Бакиев бир ооз сүйлөгөн жок, эми келем десе келсин, өз сөзүн айтсын. Акаев келдиби, эми Бакиев келсин” деп айтып жатат. Мен да кошулам. Анын да сөзүн угалы, 7-апрелде эмне кылдың эле деп сурайлы. Ошентип, акыйкат ордуна келет да. Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнүн коркутуп-үркүткөн сөздөрү менен жашап келдик. Алар элди Бакиев менен коркутуп коюп, каалагандай жеп-ичип тайраңдады.

Биз ынтымакка келмейинче, өнүп-өспөйбүз. Ыркка келиш үчүн баарынын сөзүн угуп, туура баа беришибиз керек. “Акаев келди го, эмнеге Бакиев келбейт экен, ушуну сен башта” деп жатат. “Сен туу көтөргөнсүң, Отунбаева, Атамбаевдерге кошулуп, Бакиевди республикадан сен куугансың, эми сен өзүң башта” деп жатат. Биз камалгандарды үй камагына чыгарып кой деп эле келгенбиз, Бакиев менен атышалы, мушташалы деген эмеспиз.

Сырткы жана ички күчтөрдүн айынан Ак үйдү көздөй ок атылып, ошонун артынан жанагындай окуяга туш болуп калдык, эми түздөйлү десеңер мен башында турганга макулмун дедим. Айта кетишим керек, ошол кездеги Бакиевдин бийлигине элдер суусап калды, арзанчылык болчу. Бензин азыркыга салыштырмалуу итбекер эле, өндүрүш иштеп жаткан. Бүгүнкү күндө элдин дагы пикири менен эсептешип, Убактылуу өкмөттүн бузукулугуна чекит коюшубуз зарыл.

— Өлкө жетекчиси Акаевди алып келип, туура кылдыбы?

— Акаевди алып келип президент Садыр Жапаров абдан туура иш кылды. Бирок кыргыздын башын бириктире турган, Кыргызстанды ынтымакка бөлөй турган ишти андан ары карай уланта албай тайсалдап, бир аз жүрөктөрү түшүп жатат. Өздөрүнүн бийлигинен коркуп, Бакиевди дагы алып келсек бийлигибизге доо кетпейби деп чочулашууда.

Эл арасында жүргөн киши катары айтып койоюн, доо кетпейт. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев коркпосун мындан. Жигит болгула! Акаевди алып келип, Бакиевди таштап койбой, баштаган ишиңерден артка кайтпай, өтөөсүнө чыккыла. Эр жигит деген артынан жакшы изин калтырыш керек. Алар келсе завод-фабрикалардын бүт баарын оңдойт. Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева деле резиденцияда жашап жатпайбы. Бакиев келсин!

Кылыч Кудайбергенов, "Жаңы Ордо" гезити, №33 (716), 5-ноябрь, 2021-жыл

Последние новости