www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам өлтүрүүгө шектелип 6 адам кармалды

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

20-февраль күнү Биринчи Май РИИБге “102” кызматынан Бишкек шаарындагы Ала-Арча суу сактагычынын жанындагы Лесное айылы тарапта белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда маалымат тастыкталган. Каза болгон жарандын мурда бир нече жолу соттолгон 1981-жылы туулган А.А. экени аныкталган.

Аталган факты боюнча 122-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Б.И., 2004-жылы туулган Б.С., 2002-жылы туулган Б.Ч., 1999-жылы туулган Т.К., 1996-жылы туулган А.Т., 1996-жылы туулган К.А. кармалган.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан окуянын бардык жагдайлары текшерилип, маркумдун өлүмүнүн так себептерин аныктоого багытталган бардык зарыл экспертизалар дайындалды.

Последние новости