www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы “Жарандык көзөмөл комитети” кыймылы адамды жүзүнөн тааный турган камераларды орнотууга каршы чыкты. Курамына белгилүү укук коргоочулар жана жарандык активисттер кирген кыймыл тараткан билдируүүдө мындай видеокөзөмөл системасы адамдын укугуна жана жашоосуна “кооптуу кийлигишүү” — деп аталды. Укук коргоочу Динара Ошурахунова “Азаттык” радиосуна билдиргендей, бул ыкманын ачыктыгы жана жарандар үчүн коопсуздугу камсыздалмайынча адамды бетинен тааный турган системага мораторий жарыялоо керек:

Азыр соттор коррупцияга малынганы, милициянын мурдагы кызматкерлери киши өлтүрүүгө барып, кылмышкерлер менен байланышта экени айтылып жатат. Ошолор алты миллион кыргызстандыктын ар бири тууралуу маалыматка ээ болсо аларды кандай максатта колдонорун ким билет?

Бишкекте 31-октябрда «Командалык борбор» иштей баштады. Анын алкагында шаарга адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера орнотулганы айтылды. Борбордун максаты — кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыз кылуу. Бирок коомчулуктун пикири менен эсептешпей туруп жасаган иштеринин арты жакшылыкка алып келбеши мүмкүн экенин эстеринен чыгарбоолору тийиш, - дейт Ачык саясат гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости