www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адиль Турдукулов, активист: “Атамбаевдин Алга Кылычев, Икрам Илмиянов сыяктуу тилалчаак бирок саткын, же дөөпөрөс шопур, жансакчыларына бийликтин чоң бөлүгүн берип койгонунда”, деп "Жаңы Ордо" гезитине маек курган.

– Адиль мырза, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин улуу уулу Сеид “Автомаш-Энерго” ишканасын укук коргоо органдары мыйзамсыз текшерип жатат деп билдирип, коомчулукка кайрылуу жолдоду. Сиз Атамбаев президент болуп турганда эле ушул ишкананы текшериш керек, мыйзамсыз иштер бар деп чыккан элеңиз. Текшерүү азыр жүрүп жатканы мыйзамдуу элеби? Атамбаевдин уулуна таандык болгон ишкана атасы бийликте турганда электр энергиясын ортомчу болуп сатууда мыйзамга каршы келген иштер болгон деп эсептейсизби?

– Ооба, 2013-2014-жылдары “Автомаш-Энерго” компаниясында мыйзам бузуулар тууралуу айтып, жазып келгеним ырас. Бирок, анда буга көңүл бурулган эмес. Азыр эми бул маселени ыйгарым укугуна жараша Финансы полициясы иликтебей, Аскер прокуратурасы текшерип жатканы кызык. Сегиз жылдан бери Алмазбек Атамбаев бийликте турганда укук коргоо органдары мыйзам бузууларды көргөн эмес. Экс-президенттин уулдары гана эмес, башка дагы бийлик менен ымалашкан 22 жеке ортомчу ишканалар “Электр станцияларынан” электр энергиясын арзан баада алып, аны кайра өнөр-жай ишканаларына эки-үч эсе кымбат сатып жүрүшкөн. Алар электр энергиясын 1,20 тыйындан алып, 2,50 тыйындан сатып алып, эки-үч эсе кымбат баада кайра сатып, аябагандай чоң пайда көрүп келишкен. Эгерде бийлик ошончолук эле энергетика тармагында коррупция менен күрөшөйүн десе, бүт ошол ортомчу ишканаларды текшерип, алар жүздөгөн компанияларды электр энергиясы менен камсыздаган ишканаларды да текшерип чыгып, азыркыга чейин болуп жаткан коррупциялык схеманы бузуш керек.

– Сиз Атамбаев эч убакта сынбайт деп айтчу элеңиз. Ирина Карамушкина УКМКнын СИЗОсунда олтурган экс-ажого кирип чыгып, “Атамбаев Жээнбековдорду кечирүүгө даяр” деп айтты. Бул анын сынганынан кабар береби?

– Атамбаев менен жолукканга (чектелген убакытка) адвокатка, анын жакын туугандары жана депутаттарга гана мүмкүнчүлүк берилген. Кечээ күнү Асель Кодуранова менен сүйлөштүм. Анын сөзү боюнча Атамбаевдин духу баягыдай эле күчтүү. Мен буга ишенем. Анткени, Атамбаев үчүн өзүнүн акыбалы эмес, мекендин келечеги, тарыхта анын аты кандай жазылары алда канча маанилүү. Атамбаев жана анын санаалаштары үчүн эң башкы приоритет – биздин партиялаштарды жана «Элдик штабдын» мүчөлөрүн абактан чыгаруу. Андай болбосо аларга карата «саясый туткун» деген түшүнүк күчөй берет. Кандайдыр бир саясый соодалашуу болуп калышын четке какпаш керек, бирок Атамбаев эч убакта саясатты таштабайт. Ал эми “Жээнбековду кечирем” деген сөзү Атамбаевдин айкөл сапаттарын тастыктайт жана артка чегинүү же азыркы бийлике жагалдануу аракети болгон жок. Анткени, ал үчүн Атамбаев бийлик ага таңуулап жаткан күнөөлөрдү мойнуна алыш керек. Ал буга эч убакта барбайт.

– Атамбаевге жан-дили менен берилген Алга Кылычев Атамбаевдин бийликти басып алуу планы болгон деп ага каршы көрсөтмө берди. Кылычев Атамбаев оппозицияга өткөнүн жарыялагандан бери жанында ишенимдүү адамы болуп жүрбөдүбү. Андыктан, “Форумда” же Кой-Ташта Атамбаев түзгөн план менен Кылычевдин тааныштыгы бар болсо керек. Анын айтканы чындык же калп деп элди ишендире алчу негиздер барбы?

– Азыр биз КСДП Атамбаевдин тарапташтары кош стандарттуулук болуп жатканын көрүп турабыз. Мыйзамга, Уставга таянып иш кылган Канат Сагымбаев турмөдө отурат дагы, Атамбаевди, КСДПны саткан, каршы көрсөтмө берген адамды үй камагына чыгаруу бул – кош стандарттуулук. “Сага ишенген адамды сатып кетсең, бийликке жагалдансаң үй камагына чыгасың” деген туура эмес белги. Эч кандай укукка таянбаган саясий иш. Азыр дагы бир жаман адат пайда болду. Иликтөө органдары менен кызматташуу деген себеп менен туура эмес маалымат, каралоо аркылуу камоо оңой болуп калды. Бул баягы эле советтик репрессия кайталанып жаткандай элес берет. Менин оюмча Алга Кылычев үй камагына чыгыш үчүн ага иликтөө органдары сунуштаган кагазга кол коюп берди. Анткени, Атамбаевдин бийликти күч менен, мыйзамсыз басып алуу аракети болгон эмес.

– Атамбаев бийликте жүргөндө команда түзгөндөн жаңылган деп айтып келебиз. Андан кийинки командасы деле четинен сатып жатпайбы. Дагы бир жолу командасына адам чогултууда жаңылдыбы?

– Ооба, ырас, Атамбаевдин чоң катасы болсо, ал бийликте турганда Алга Кылычев, Икрам Илмиянов сыяктуу тилалчаак бирок саткын, акчаны жакшы көргөн жаш балдар же дөөпөрөс шопур, жансакчыларына бийликтин чоң бөлүгүн берип койгонунда. Булар эч убакта бийлик менен укуктук талаада күрөшө албайт болчу. Атамбаев муну аягына чейин түшүнбөгөнү өкүнүчтүү. Кандай болсо да КСДП азыр бийликке карата ачык оппозициядагы альтернативалык күч. Ошону менен азыр да бийликтин авторитаризмге ыктап, үй-бүлөлүк башкаруусуна бөгөт коё алат. Ошондуктан азыркы саясый процессте КСДПнын ишмердүүлүгү абдан маанилүү, деген "Жаңы Ордо" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости