www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аз күн мурда Мелис Аспековдун айланасындагы маалыматтарды окуп, башыман өткөргөн окуя, фактылар туурасында оюмду бул жерде калтырууну эп көрдүм. Бул тууралуу активист Адилет Калыгулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
"Аз күн мурда Мелис Аспековдун айланасындагы маалыматтарды окуп, башыман өткөргөн окуя, фактылар туурасында оюмду бул жерде калтырууну эп көрдүм.
Чынында жыгылган адамды тепкилөөнү туура эмес деген түшүнүктөмүн. Деген менен, учурунда айтып калбасам сөз атасы өлөт деген ойдомун.
5-6 жыл мурда Мелис Россиялык досу Микаил экөө “Рейндж Ровер” үлгүсүндөгү унаа алып беребиз деп менден 19 000$ алышкан эле. Убакыт өтүп, унаадан жок, же акчадан жок алданып калдым. Досу бөлүп атып 6миң долларын кайтарып, калганын Мелиске шылтап, Мелис тиги досуна шылтап ошол бойдон бербей жүрүштү. Ал арада октябрь окуясы орун алып, Мелистин добушу “катуулап” бир паста Мекеге айланды.
Көп өтпөй мен телефон чалдым.
“Алло Мелис, жолугуп сүйлөшүш керек болуп атат, каяктасын,”- дедим.
- “Азыр жолугушуулар көп болуп жатат, кабылдамага келип живой очередь менен кире бер”, - деди.
Албетте, мындай төмөн түшүүгө өз баркым жол берген жок. Тияк-бияк дебей эле телефондон айтайын.
“Мелис, мен Садыр Нургожоевичке жолугайын дедим эле, 3-4 мүнөт жетет мага”, дедим. Эмне вопрос менен, кечинде жолукканда айтайын деди. Макул дедим.
Кечинде чалган жок. Эртеси өзүм чалдым. “Адике, шеф менен сүйлөштүм. Азыр шайлоого каражат керектелээрин билесин, 100миң доллар алып кел. Экөөңдү жолуктурам. Маалымат саясатын жүргүзгөндү жакшы билесиң, Нарындын жаштарын колго ал. Мен сени кечирдим, сен мени кечир деди.
Албетте, анча акчаны кайдан тапмак элем. Ал ортодо башкалар аркылуу Садыр Нургожоевичке жолугууга аракет жасай баштадым. Кийин кайдан угуп калганын билбейм, Мелис мага чалды. Адике, эркекче сүйлөшпөдүк беле. Шефке только через меня киресиң. Шеф дагы сага аябай жинденип калды, мен жолукпай эле коёюн, өзүң тияк-биягын чечип ишти алып бара бергиле. Шайлоодон кийин кабыл алам деп айтты деди.
Арадан көп өтпөй акча опузалоо фактысы менен камалып кетти. Ошо менен кино бүттү.
Өзүңөр билгендей ошол учурда өлкөдө абал курч эле. Бүгүн-эртең президент болом деп турган Садыр Нургожоевич өлкөдө тезирээк туруктуулук орношуна кызыктар эле. Ал эми башкалары кырдаалдан пайдаланып капчыктарын кампайтып алууну көздөштү. Уурунун жолу кууш, баскан кадамынан из калат эмеспи. Кимге байлык, кимге мамлекет керек болгонун бүгүн түшүнүп турасыңар.
Бийликти колдоп жазсаң дакансачы, бийликчил, шыбасаң баатырга айлана турган учур.
Бирок акты ак, караны кара дейли. Садыр Жапаров Аспеков менен “табакташ” болгондо, бүгүн Мелис камакта эмес, кайсыл бир кызматта олтурмак. Жаз жыттанып калганда элди ойготуунун аракети деп түшүнсөк болот. Кыз боозуп энесин коркутат болуп, убагында топтогон “байлыгына” эми башкаларды чаптоонун аракетин көрүүдө.
Акылы болгондо азыр бийликтин бир бурчун мыкчып олтурмак эле. Алкымынын запкысын тартып жатат минтип. Таба эмес албетте, тобоо дейм.
Негизи мындан да ачуурак, кычкылыраак жазмакмын. Орозодо сабырдуулук кылайын дедим.
Мелис, менин постумду сен сөзсүз окуйсуң.
Кыскасы ортодогу карызды кечтим.
Орозодо садака болсун! Тезинен сакайып, үй бүлө, бир туугандарыңдын арасында болушуңа тилектешмин", - деп жазган ал.
Булак: NazarNews.kg