www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө жүзүндө эркектердин репродуктивдик саламаттыгына байланыштуу кооптуу тенденция байкалган. Башкача айтканда дени сак сперматозоиддердин саны жылдан жылга азайып баратат. Бул тууралуу Репродуктивдик саламаттык боюнча альянстын аткаруучу директору Галина Чиркина сексуалдык саламаттык темаларын медиа мейкиндигинде чагылдырууга арналган тренингде билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан да бул тенденциядан четте калган жок.
Эксперт Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) расмий статистикасына таянып, акыркы ондогон жылдарда эркектердин репродуктивдик көрсөткүчтөрү кескин төмөндөгөнүн белгиледи. Эгер 1980-жылы бир миллилитр спермада 80 миллионго чейин дени сак сперматозоид болсо норма деп эсептелсе, 1990-жылдары бул көрсөткүч 40 миллионго чейин азайтылган. Бүгүнкү күндө минималдуу норма 20 миллион сперматозоид деп эсептелет. Бул көрсөткүчтөн төмөндөсө, тукумсуздук коркунучу кескин жогорулайт. Ал эми 10 миллионго чейин түшкөндө, эркектин тукумсуз болуу ыктымалдыгы өтө жогору болот.
Чиркина бул көрсөткүчтөр дени сак, түзүлүшү жана функциясы бузулбаган сперматозоиддерге гана тиешелүү экенин өзгөчө белгиледи.
Ошондой эле эксперт эркек балдардын сексуалдык жана репродуктивдик тарбиясына жетиштүү көңүл бурулбай жатканын айтты. Анын сөзү боюнча, коомдо «балдар баарын өзүнөн-өзү билет» деген жаңылыш түшүнүк бар. Чынында болсо, эркек балдарга да ден соолукту сактоо, интимдик мамилелер жана репродуктивдик система тууралуу маалымат эрте жаштан берилиши керек.
Ал Кыргызстанда жыл сайын май айында Улуттук урология борбору Эркектердин саламаттыгы жумалыгын өткөрүп турарын эске салды. Анын алкагында эркектер акысыз текшерүүдөн өтүп, адистердин кеңешин ала алышат. Мындай иш-чаралардын биринде 1 372 эркек текшерилип, алардын дээрлик 10 пайызынан ар кандай патологиялар аныкталган.
Мындан тышкары, студенттик поликлиникадагы жаштарга ыңгайлуу маалыматы да келтирилди. Бир профилактикалык текшерүүдө 929 жаш жигит каралып, алардын 622синде уретрит, 139унда орхит, 74үндө фимоз, 94үндө варикоцеле аныкталган. «Бул – жаш, активдүү студенттер», – деп баса белгиледи эксперт.
Адистин айтымында, жаштар арасында варикоцеле – урук каналынын веналарынын кеңейиши эң кеңири тараган оорулардын бири болуп саналат. Ал 12-25 жаштагы эркектердин 15-20 пайызында кездешет жана убагында операциялык жол менен дарыланбаса, тукумсуздукка алып келиши мүмкүн. Тукумсуз эркектердин 40 пайызында дал ушул варикоцеле аныкталат.
Ошондой эле крипторхизм – яичканын ылдый түшпөй калышы да олуттуу көйгөй экени айтылды. Бул оору өз убагында аныкталып, дарыланбаса, келечекте тукумсуздукка алып келет. Статистика боюнча, бул абал толук мөөнөтүндө төрөлгөн ымыркайлардын 2-4 пайызында, эрте төрөлгөндөрдүн 15-30 пайызында жана бир жашка чейинки балдардын 1 пайызында кездешет.
Эксперт сейрек болсо да, яичканын кабыгынын суу чогулушу (водянка) да кездешерин жана ал да эркектердин репродуктивдик мүмкүнчүлүгүнө терс таасир тийгизерин белгиледи.
Жыйынтыгында Галина Чиркина коомдо адистерге өз убагында кайрылуу маданиятын калыптандыруу зарыл экенин айтты. Анын пикиринде, эркектердин репродуктивдик саламаттыгы тууралуу ачык, эртерээк жана кесипкөй деңгээлде сүйлөө оорулардын алдын алууга жардам берет.