www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адвокат Нурбек Токтакунов тергөө абагындагы Темирлан Султанбеков Акыйкатчы менен жолуккандан кийин аны айып изоляторуна камап коюшканын билдирди.

Ал Фейсбуктагы баракчасына буга анын Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага бардык укук бузуулар тууралуу даттанганы себеп болушу ыктымалдыгын жазды. 

- Айып изолятору (ШИЗО) ушунчалык тар, колу-бутуңду бүгүп жатууга туура келет. Буту-колун жазып жатышы үчүн ал сыз бетон полго жатууга аргасыз. Үчүнчү күн катары менен, ишемби күнү саат 13:00дон тарта ал сыз жана караңгы жерде жатат. Түрмөгө алып келген тамак-аш, буюмдарды киргизбей, ага табак менен супсак тамак берип жатышат. НКВД тууралуу кинолордон көрсөңөр керек, ага унитаздын жанындагы крандан суу алууну сунушташыптыр. Ал мындай тамак менен суудан баш тартып, ачка отурат. Тергөө абагынын администрациясынын мындай аракеттери президенттин өзү абакта отурганда баарына чыдаганы, айыпталуучулар дагы чыдашы керектиги тууралуу ойлонулбай айтылган сөзүнүн түздөн-түз жыйынтыгы деп эсептейм, - деп жазды Токтакунов.

Адвокат бул жагдайга байланыштуу Акыйкатчы институтуна кайрылганын кошумчалады. Жаза аткауу кызматы бул дооматтар тууралуу азырынча түшүндүрмө бере элек

Последние новости