www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясын кабыл алып, туризм, авиакаттамдар жана соода тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулады.
Жолугушууда Адылбек Касымалиев БАЭ Кыргызстандын Жакынкы Чыгыштагы маанилүү экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысы үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын жарандарын БАЭден эвакуациялоого көрсөткөн көмөгү үчүн БАЭ делегациясына жана «Air Arabia» авиакомпаниясынын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү, авиакаттамдардын географиясын кеңейтүү жана өлкөдөгү ири долбоорлорго инвесторлорду тартуу боюнча биргелешкен иштерди улантууга макулдашты.