www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-июлда Бишкектеги «Ынтымак Ордо» имаратында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев кесиптик майрамдарга байланыштуу бир катар кызматкерлерге Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана өзүнүн атынан алкыштарды тапшырды.

Министрлер Кабинетинен билдиришкендей, сыйлыктар кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга кошкон салымы үчүн Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу тапшырылды.

Мындан тышкары, жарандык авиация тармагын өнүктүрүүгө, Кыргызстандын Европа бирлигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгарылышына салым кошкон жана авиациялык коопсуздуктун эл аралык стандарттарын ийгиликтүү ишке ашырган тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери да сыйланды.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Адылбек Касымалиев акыркы жылдары өлкөдө саясий туруктуулук камсыздалып, экономика, социалдык тармак жана маданият чөйрөсүндө олуттуу оң өзгөрүүлөр болуп жатканын белгилеп, бул жетишкендиктерде сыйлык ээлеринин да эмгеги чоң экенин айтты.

Последние новости