www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин сыйлыктарын тапшыруу аземине катышты.
Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүн майрамдоого байланыштуу – бир катар тармактын кызматкерлерине Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкыштарын тапшырды.
Жалпы Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүнүн атынан куттуктаган Адылбек Касымалиев, бул сыйлыктар сыйлык ээлеринин эмгек жолундагы кезектеги баскычтарга, мындан аркы ийгиликтерине жол ачуусуна тилектеш экендигин билдирип, ар бир кызмат – эл үчүн болуусун белгиледи.