www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын М.Адышев атындагы Геология институтунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Танышуунун жүрүшүндө институттун илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ишке ашырылып жаткан долбоорлор, ошондой эле окумуштуулардын өлкөнүн минералдык-ресурстук потенциалын изилдөөгө жана геология илимин өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу маалымат берилди.

МинКаб Төрагасы институттун китепканасы, институттун уникалдуу музей экспонаттары жана республиканын аймагынан табылган динозаврлардын калдыктары, ошондой эле институттун иш бөлмөлөрү жана лабораториялары менен таанышты.

Институттун илимий ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары: аймактык геология, пайдалуу кендер, физикалык география, геоэкология жана инженердик геология жаатында фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөр.

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн геология тармагындагы илимий изилдөөлөрдүн маанисин белгилеп, фундаменталдык жана прикладдык илимди колдоо зарылдыгын белгиледи.

Ал ошондой эле министрликтер заманбап иштеп чыгууларды жана инновациялык технологияларды ишке киргизүү жана алардын жоопкерчиликтүү чөйрөлөрүндөгү актуалдуу маселелерди чечүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн адистештирилген илимий институттар менен системалуу өз ара аракеттенүүнү күчөтүшү керектигин кошумчалады.

Илимий-изилдөө иштерине, илимий кадрларды даярдоого, материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга, институттун келечектеги өнүгүү перспективаларына өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Последние новости