www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин коллегиясына катышты.
Коллегиялык жыйындын алдында МинКаб Төрагасы борбор калаада жайгашкан Курулуш министрлигине караштуу Республикалык курулушту сертификациялоо борборунун жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Курулуш министрлигинин имаратынын алдындагы аянтчада министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнө жана көчмө курулуш лабораторияларына арналган унааларды карап чыкты.
Коллегияда курулуш тармагынын жыйынтыгы жана министрликтин акыркы жылдардагы ишмердүүлүгү каралды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө курулуш тармагы туруктуу позитивдүү өсүштү көрсөтүп жатканын жана өлкөнүн экономикасынын негизги кыймылдаткычтарынын бири экендигин белгиледи.
"2025-жылы курулуш тармагындагы ички дүң продукциянын көлөмү 2019-жылдагы 58,5 миллиард сомго салыштырмалуу 438,5 миллиард сомду түздү. Ошентип, тармак алты жылда сегиз эсеге өстү", — деп белгиледи МинКаб Төрагасы.
Ал ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматы боюнча Кыргызстандын курулуш тармагындагы өсүш 2024-жылы 31%дан ашканын, бул КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири экенин кошумчалады.
Маалымдалгандай, 2021-жылдан бери мамлекет тарабынан курулуш тармагына 170 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылып, рекорддук көрсөткүчкө жетишүү жана 936 социалдык объектинин курулушун бүтүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Социалдык инфраструктурага капиталдык салымдар да кыйла өстү: 2021-жылы 2,7 миллиард сом инвестицияланган болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 13,2 миллиард сомго жетти.
Ошону менен бирге Адылбек Касымалиев жетишилген жыйынтыктарга карабастан тармакта бир катар системалуу көйгөйлөр сакталып жатканын белгиледи.
Тактап айтканда, ал архитектура жана курулуш тармагындагы мыйзамдык базаны өркүндөтүү, Шаар куруу кодексинин долбоорун иштеп чыгууну тездетүү жана министрликтин иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо зарылдыгын белгиледи.
МинКаб Төрагасы ошондой эле турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана көп батирлүү турак жайларды курууга мамлекеттик каржылоого көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын талкуулады.
Кеңешменин жыйынтыгында Адылбек Касымалиев министрликке мыйзамдарды өркүндөтүүгө, курулуш тармагындагы ачыктыкты жогорулатууга, мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүнүн механизмдерин күчөтүүгө багытталган бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.
Соңунда МинКаб Төрагасы жарандар жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, бюрократиялык процедураларды кыскартуу, министрликтин ишинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыздоо зарылдыгын белгиледи.
Ал ошондой эле жетишилген натыйжаларды эске алуу менен Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинин иши “жакшы” деген баа берилгенин белгилеп, ошону менен бирге тармакты мындан ары өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи.