www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чолпон-Ата шаарында VIII Кыргызстан-Россия экономикалык форуму жана XII Кыргызстан-Россия аймактар аралык конференциясынын ачылыш аземи өттү.
Иш-чара 6–7-августка белгиленген Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алдында уюштурулду.
Форум Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин катышуучуларга жана конокторго жолдогон видеокайрылуулары менен ачылды.
Андан соң Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев куттуктоо сөз сүйлөп, конокторду кыргыз жеринде жылуу тосуп алып, форумдун ишине ийгиликтерди каалады.
Өкмөт башчысы өз сөзүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди мындан ары да чыңдоо өлкөнүн мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Анын айтымында, форум жана аймактар аралык конференция эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана бизнес өкүлдөрү менен аймактардын түз байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Адылбек Касымалиев ошондой эле Министрлер Кабинети экономиканы модернизациялоо, инвестициялык климатты жакшыртуу, өнөр жайды, энергетиканы, транспортту жана туризм инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча ырааттуу иштерди жүргүзүп жатканын белгилеп, Кыргызстан россиялык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы форумдун алкагындагы талкуулар кыргыз-орус экономикалык өнөктөштүгүн бекемдөөгө, соода-экономикалык, инвестициялык жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө олуттуу салым кошоруна ишеним билдирди.