www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, ошондой эле Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиев өлкөнүн улуттук футбол курама командасы менен жолугушту.
Жолугушуу алдыдагы эл аралык беттештердин алдында уюштурулду.
Белгилүү болгондой, 6 жана 9-июнь күндөрү Кыргызстандын улуттук курама командасы ФИФАнын июнь айындагы беттештеринин алкагында Палестинанын улуттук курама командасы менен эки жолдоштук оюн өткөрөт.
Адылбек Касымалиев футболчуларга жана машыктыруучулар штабына ийгиликтерди каалап, алардын кесипкөйлүгүнө жана Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөтүүгө болгон умтулуусуна ишеним билдирген.
Ал ошондой эле улуттук кураманын алдыдагы оюндарда мыкты жыйынтык көрсөтөрүнө ишенерин белгиледи.