www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1-июлдан тартып лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөн айдоочулар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын билдирди.
Өкмөт лицензия алууну жөнөкөйлөтүп, аны мобилдик тиркеме аркылуу электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн. Жаңы талапка ылайык, шаардык жана аймак аралык каттамдарда лицензиясы бар таксилер гана иштей алат.
Лицензиянын баасы жеке жактар үчүн жылына 500 сом, ал эми юридикалык жактар үчүн 1000 сомду түзөт. Тиешелүү уруксаты жок жүргүнчү ташыган айдоочулар 7,5 миң сом, юридикалык жактар 23 миң сом айып пул төлөшөт. Ошондой эле оң рулдуу унаалар менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салынат.