www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иракта үй-бүлө мүчөлөрү 15 жаштагы Кавтар аль-Хусейжавини тууганына турмушка чыгуудан баш тартканы үчүн өлтүрүшкөн. Бул тууралуу маркум кыздын туугандарынын бири айтып берген. Ал бул кайгылуу окуядан кийин коомчулук алдында үн катууну чечкен.
Кыз Багдад шаарына жакын жайгашкан конуштардын биринде жашаган. 13 жашында аны мектептен чыгарып, өзүнөн кыйла улуу эркекке турмушка беришкен. Кавтар үй-бүлөлүк жашоосунда дайыма зордук-зомбулукка кабылып келген. Бир жылдан кийин ал ажырашууга жетишкен.
Кийинчерээк үй-бүлөсү аны кайрадан турмушка берүүнү пландаган. Бул жолу кызды жакында эле түрмөдөн чыккан тууган агасына берүүнү көздөшкөн. Бирок Кавтар буга каршы болгон. Ага карабастан туугандары анын чечимин кабыл алышкан эмес.
Май айынын башында кыз мажбурлап турмушка берүүдөн коркуп, үйүнөн качып кеткен. Бир нече күндөн кийин аны таап, кайра үйүнө алып келишкен.
Маркумдун тууганынын айтымында, кыздын атасы, агасы жана болочок күйөөсү аны Багдаддын чет жакасына алып барып, ошол жерден өлтүрүшкөн.
Анын айтымында, кызга бир нече жолу ок атылып, андан соң балта менен дагы сокку урулган.
Бул кайгылуу окуядан кийин социалдык тармактарда үй-бүлөдөгү айрым эркектер көчөдө бийлеп жүргөн видеолор тараган.
«Мен үй-бүлөдө кимдир бирөөнүн кайгырганын көргөн жокмун. Тескерисинче, эркектер майрамдап жаткандай көрүнүштү», — деген маркумдун тууганы.
Ал үй-бүлөдөгү башка аялдар менен бирге болгон окуя тууралуу маалыматты журналисттерге жана укук коргоочуларга жеткиргенин айткан. Алардын максаты — бул иштин толук жана адилеттүү тергелишине жетишүү.
«Мени эң көп коркутканы — Иракта эркектер үчүн адам өлтүрүү өтө эле жеңил болуп калгандай сезилет. Алар эми мыйзамдан да, мамлекеттен да коркпой калышты. Көпчүлүк бул окуяны жашырууга аракет кылып жатат. Балким, адвокат ишке аралашып, кыздын сөөгү табылып, анын тууган агасы гана жалгыз күнөөлүү катары көрсөтүлүп, иш “ар-намыс үчүн жасалган кылмыш” катары жабылып калышы мүмкүн», — деген Кавтардын тууганы. Аталган окуяга бир нече күн өтсө дагы дүйнө жүзүндө талкуу уланууда.