www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандагы жумуш сапарынын алкагында Ташкент инвестициялык V эл аралык форумунун пленардык жыйынына катышып, сөз сүйлөдү.
Өз кайрылуусунда ал Ташкент форуму аймактын өнүгүүсүнө багытталган конкреттүү чечимдер талкууланган маанилүү эл аралык аянтчага айланганын белгиледи.
Адылбек Касымалиев Кыргызстан тоо-кен тармагы, энергетика, транспорт жана логистика багыттарында кызматташууга даяр экенин айтып, акыркы жылдары Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы саясий диалог менен экономикалык кызматташтык жаңы деңгээлге чыкканын белгиледи. Анын айтымында, өз ара ишеним жана жакшы коңшулук мамилелер аймактын инвестициялык жагымдуулугун арттырууда.
Форумдун ачылышында Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент дүйнөлүк ири корпорациялардын, эл аралык каржы институттарынын жана жогорку деңгээлдеги мамлекеттик өкүлдөрдүн жолугушуу аянтчасына айланганын белгилеп, катышуучуларга ыраазычылык билдирди.
Иш-чарага ошондой эле Албаниянын Президенти, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан өкмөт башчылары жана башка өлкөлөрдүн жогорку өкүлдөрү катышып, өз мамлекеттеринин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн сунушташты.
Маалыматка ылайык, Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна 100дөн ашуун өлкөдөн 8 миңден ашык катышуучу катталган. Анын ичинде экономиканын реалдуу секторунан 4 миңге жакын чет элдик делегат болуп, жалпы активдеринин көлөмү 42 трлн долларды түзгөн компаниялардын өкүлдөрү катышты.