www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 16-17-июнь күндөрү жумуш сапары менен Өзбекстандын Ташкент шаарына барат.
Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын алкагында ал Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйында сөз сүйлөйт.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Өзбекстандын расмий жогорку кызмат адамдары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда.
Мындан тышкары, форумга катышкан делегация башчылары менен биргеликте Борбор Азия эл аралык көргөзмө борборуна (Central Asian Expo) барып, бизнес аянтчанын ишмердүүлүгү менен таанышуу каралган. Делегация мүчөлөрү ошондой эле Ислам цивилизациясынын борборундагы тарыхый булактарды көрүп чыгышат.