www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “RHOFA Energy” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Хазрети Акдемир баштаган Түркия Республикасынан келген делегацияны кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетика тармагында эки тараптуу кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү, өзгөчө энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу жаатында, тагыраагы Кыргызстанда күн электр станцияларын куруу маселесине көңүл бурулду. 

Анда Түркия энергиянын кайра жаралуучу булактарында иш алып барууда жогорку өсүү динамикасын көрсөткөнүн, акыркы жылдары күн жана шамал булактарынан электр энергиясын өндүрүү жогору деңгээлге жеткени айтылды. Бул багытта МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасы бул тажрыйбаны пайдаланууга жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүп, инвестициялар жана заманбап технологияларды тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде “RHOFA Energy” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Хазрети Акдемир, акыркы жылдары Түркияда Кыргызстандын өнүгүү жолуна түшкөндүгү тууралуу жакшы маалыматтар көп угулуп баштаганын, ошол себептүү ишкерлик, өз ара соода жүгүртүү жана энергетика тармактарында тыгыз иштешүүгө кызыкдар болуп келгендигин билдирди. 

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда энергетика тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү жана өзгөчө энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча инвестицияларды кеңейтүү максатында, Түркияда жайгашкан “RHOFA Energy” компаниясынын Кыргызстанда инвестициялык жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн бир катар тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кароо пландалууда.

Последние новости