www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Башкы прокурор Максат Асаналиевдин катышуусунда Нарын областынын жана Нарын районунун прокуратураларынын жаңы административдик имараттарынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Касымалиев бул объекттер укук коргоо системасын модернизациялоого жана аймактардагы мамлекеттик институттардын ишин жакшыртууга багытталган системалуу мамлекеттик саясаттын алкагында курулганын белгилеп, жаңы имарат прокуратура органдарынын ишинин ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн арттырарын билдирди.

Өз кезегинде Башкы прокурор М.Асаналиев жаңы имараттар прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматкерлер үчүн тийиштүү иш шарттарын түзүүгө, ошондой эле жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Жаңыдан пайдаланууга берилген административдик имараттар заманбап талаптарга жооп берип, кызматтык бөлмөлөр, жарандарды кабыл алуу үчүн шарттар жана ишмердүүлүк жүргүзүүгө зарыл болгон бардык инфраструктура менен камсыздалган.

Последние новости