www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, өлкөгө жумушчу сапары менен келген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун жана башка багыттардын кеңири комплекси талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында кыргыз-россия Өкмөттөр аралык комиссиясынын алдыдагы жыйынынын маселелери да каралды. Тараптар эки өлкө үчүн тереңдетилген стратегиялык өнөктөштүк рухунда артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.