www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Адыл Кемелов Чалдыбар-Балыкчы багытында тез жүрүүчү поезд каттамын ишке киргизүү зарыл экенин айтты. Бул тууралуу ал "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.

"Темир жол тармагы кайсы мамлекеттин болбосун маанилүү стратегиялык ишканасы болуп саналат. Анын жардамы менен жүргүнчүлөрдү тейлөөдөн тышкары, керек болсо аскердик техникалардан тартып, турмуш-тиричиликке зарыл болгон товарларга чейин ташып жеткирүү кызматтары аткарылат. Коңшу Казакстанды эле алып көрсөк, тез ылдамдыктагы поезддер жүрүп, өнүгүү тенденциясы тереңдеп барат. Алыс кетпей эле ошол коңшулардын катарында кабелтең иш кылышыбыз зарыл болуп турат. Чалдыбар-Балыкчы багытында тез жүрүүчү поезд каттамын ишке кирсе калкыбыз үчүн камкордук болмок.

Темир жолду өнүктүрүү боюнча стратегиялык план жокко эсе. Аны жакында ошол тармак менен таанышып келген көчмө жыйында баамдадык", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости