www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвадагы Домодедово аэропортунда бажы кызматкерлери Тажикстандан келген жүргүнчүнүн жүгүнөн 476 даана Орто Азия ташбакасын таап, мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюшту.
Орусиянын Федералдык бажы кызматынын маалыматына ылайык, Орусиянын жараны «жашыл коридор» аркылуу өтүүгө аракет кылган. Жүктү текшерүү учурунда тирүү ташбакалар салынган эки куту табылып, аларды ташууга уруксат берүүчү документтер жок экени аныкталган.
Шектүү сурак учурунда ташбакаларды интернет аркылуу сатууну көздөгөнүн, ал эми бул партияны «сыноо үчүн» алып келгенин билдирген.
Алдын ала эсеп боюнча, алынган жаныбарлардын жалпы баасы 3 миллион рублдан ашат.
Орто Азия ташбакасы CITES эл аралык конвенциясы менен корголгон, жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын катарына кирет.
Бардык ташбакалар Москва зоопаркынын сейрек кездешүүчү жаныбарларды көбөйтүү борборуна өткөрүлүп берилди.
Аталган факты боюнча өзгөчө баалуу жапайы жаныбарларды аткезчилик жолу менен алып өтүү беренеси менен кылмыш иши козголду. Мыйзамга ылайык, күнөөсү далилденсе, шектүүгө 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралышы мүмкүн.