www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев кинорежиссер Руслан Акун менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда министр интернет айдыңында негативдүү, адамдын аң-сезимине терс таасир берген маалыматтар кеңири жайылып жаткан убакта терең мааниге ээ, маңыздуу тасмаларды жаратып жаткан режиссердун эмгектерин жогору бааларын айткан.

Иманалиев «Агай» сериалын кызыгуу менен көрүп жатканын, мугалимдин басып өткөн жолун, ишмердүүлүгүн жана коомчулуктагы ордун чагылдырган мыкты тасма тартылганын белгилеп, жаратуучуларга ыраазычылык билдирген.

«Агай»сериалы ушунчалык жогорку чеберчилик менен тартылыптыр. Жумуштан үйгө барып, түн уйкумду курмандыкка чалып болсо да көрүп жатам. Анткени сиз тартып жаткан тасмалар бугүнкү күндө актуалдуу. Сиздин артыңыз менен көптөгөн жаштар мугалим кесибине ээ болгусу келип, агартуучуларга болгон сый-урматы артып жатканына ишенем», — деди Иманалиев.

Министр Руслан Акунга чыгармачылык ийгиликтерди каалап, билим берүү тармагын беделин жогорулатууда режиссер менен иштешүүгө кызыкдар экенин белгилеген.

«Агай» — Кыргызстандын Эмгек сиңирген мугалими, Баткендеги №3 эксперименталдык гимназиясынын директору Гапыр Мадаминов тууралуу тартылган сериал. Сериал чыныгы турмушка негизделип, көркөмдөлүп тартылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости