www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында болгон 7,7 жана 7,6 баллдык эки жер титирөөнүн кесепетинен каза тапкандардын саны 48 миң 448 адамга жетти. Жаңы маалыматты Түркиянын Ички иштер миниистрлигинин жетекчиси Сулейман Сойлуга шилтеме берүү менен «РИА Новости» билдирди.

Каза тапкандардын арасында чет өлкөлөрдүн 6660 жараны бар. Министрдин маалыматы боюнча, сөөгү табылган 1615 адамдын аты-жөнү тактала элек.

Эскерте кетсек, Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен кыргызстандык Мадина Бактачиева көз жумуп, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылында жерге берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости