www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районунда 16 жаштагы кыз атасынын унаасын уурдап кетип, кырсыкка кабылган. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-март күнү саат 16:40тар чамасында Кашка-Суу айылында жол кырсыгы катталган. Honda CRV унаасын башкарып бара жаткан 16 жаштагы өспүрүм рулду башкара албай калып, унаа бир нече жолу оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2006-жылы туулган З.А.З ошол жерден каза болуп, дагы төртөө жаракат алган - Э. А. Э., С. М. Э., А. А. А. и М. А. Т. Алардын баары ар кандай жаракаттар менен Бишкектеги №4 ооруканага жеткирилген.

Кыздын атасы ошол күнү кызы үйүнүн жанында токтоп турган унаага уруксатсыз айдап кеткенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости